Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кувейттеги жолугушуусу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Кувейтте Эми Шейх Невваф ел   - Ахмед ел  -  Жабир ес  - Сабах менен жолугушту.

1580270
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кувейттеги жолугушуусу

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен барган Кувейтте Эмир Шейх Невваф ел   - Ахмед ел  -  Жабир ес  - Сабах менен жолугушту.

Жолугушуу тууралуу твиттерден маалымат берген Чавушоглу Кувейттин арачылыгында булуңда эми оң чөйрүнүн түзүлгөндүгнө көңүлдөрдү буруп : «Ийгиликтүү дипломатиялык аракеттеринен улам Кувейтти куттуктайбыз»,- деди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка ылайык Мевлүт Чавушоглу Кувейттеги жолугушууларынын негизинде мураскер принц Шейх Мешал ел  -  Ахмед ел  -  Жабир ес  -  Сабах менен жолугушту.

Кувейттин тышкы иштер министри Ахмед Насыр Мухаммед ес  -  Сабах менен жолугушкан Чавушоглу твиттерден берген маалыматында кесиптеши менен эки өлкөнүн карым  - катнаштарын бардык тарабы менен карап чыгышкандарын белгилеп : "Ирак, Сирия жана Ливиядагы абалдарды карап чыктык. Коргоо, саламаттык сактоо, маданият жана билим берүүдөгү кызматташуубузду өнүктүрөбүз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар