"Победа "авиакомпаниясы Россиядан Анталияга карата каттамарын баштайт

"Победа" 4 - июндан Екатеринбургдан жана 5-июндан баштап Пермден Анталияга үзгүлтүксүз каттамдарды баштай тургандыгын жарыялады.

1578451
"Победа "авиакомпаниясы Россиядан Анталияга карата каттамарын баштайт

Россиянын авиакомпаниясы «Победа» июнь айынын баштарынан тарта Россиянын Екатеринбург жана Пермь шаарларынан Анталияга иреттүү түрдө каттамдарын баштайт.

Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясынын негизинде  арзан баадагы кызматтарды сунуш кылган "Победа" 4 - июндан Екатеринбургдан жана 5-июндан баштап Пермден Анталияга үзгүлтүксүз каттамдарды баштай тургандыгын жарыялады.

Компаниянын билдирүүсүндө Екатеринбургдан жумасына үч жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, Пермден жумасына эки жолу, шейшемби жана ишемби күндөрү каттамдар болору кабарланды.

Маалыматта эки тарапка тең билет сатуу жума күндөн башталаары белгиленди.

«Победа» ошондой эле 2021 - жылдын жай мезгилинде Москва жана Казань - Анталияга үзгүлтүксүз каттамдарды уюштурат.



Тектеш кабарлар