Ирак Түркия менен сууга байланыштуу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди

Ирак акыркы мезгилде Түркия менен суу тууралуу болгон сүйлөшүүлөрдүн оң бара жаткандыгын билдирди.

1578560
Ирак Түркия менен сууга байланыштуу өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди

Ирак акыркы мезгилде Түркия менен суу тууралуу болгон сүйлөшүүлөрдүн оң бара жаткандыгын билдирди.

Ирактын суу булактары министрлигинин катчысы Али Самир мамлекетке таандык «Ес  - Сабах» гезитине берген маалыматта Ирактын суу маселеси боюнча Түркия менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу билдирди.

Самир сүйлөшүүлөрдө түрк тарабынын эки өлкөнүн ортосундагы дарыяларда Ирактын суу тууралуу укуктарынын сакталышына маани бершкендерин баса белгилегенин жана сүйлөшүүлөрдө оң абалдардын ишке ашкандыгын белгиледи.

Өлкөнүн суу муктаждыгын Тигр жана Евфрат дарыяларынан камсыз кылган Ирак көптөгөн жылдар жаан  - чачындын азайышынан улам суу муктаждыгын камсыз кылууда кыйынчылыктарды жашап жатат.



Тектеш кабарлар