Түркия-Албания мамилелери

Шентоп Албаниядагы жолугушууларынын алкагында Тиранада билдирүү жасады.

1577441
Түркия-Албания мамилелери

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Албаниянын премьер-министри Эди Раманын 6-7-январда Түркияга жасаган иш сапарында эки тараптуу мамилелердин "стратегиялык өнөктөштүк" деңгээлине көтөрүлгөнүн айтты.

Шентоп Албаниядагы жолугушууларынын алкагында Тиранада жасаган билдирүүсүндө,Фетуллахчы террордук уюмдун (ФЕТӨ) көптөгөн Балкан өлкөлөрүндөй эле Албанияда да бар экендигин белгилеп: «ФЕТӨнүн эки өлкөнүн мамилесин ууландыруусуна эч качан жол бербейбиз», деди.

Албаниянын Влёра шаарында Түркиянын Башкы консулдугун ачуу үчүн керектүү уруксаттардын алынгандыгын билдирген Шентоп: «Мүмкүн болушунча эртерээк иштейт деп ишенем. Ушундайча биз Албаниянын түштүгүндө туризмдин өнүгүшүнө салым кошобуз»-,деп айтты.



Тектеш кабарлар