Түркия Ковид - 19 менен күрөшүүнү улантууда

Вакциналардын экинчи бөлүгү Түркияга келди.

1573157
Түркия Ковид  - 19 менен күрөшүүнү улантууда

Түркия коронавирус менен күрөшүүнү улантууда. Акыркы 24 саатта коронавирустан 129 киши каза болду. 

Эпидемиянын башынан бери  каза болгондордун саны 25 605ке жетти. 

Бир күндө 173 210 тест жасалып,670 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны  7 279 болду. 

Айыгып ооруканадан чыккан 8 902 киши менен айыккандардын жалпы саны 2 миллион 340 216га жетти. 

Бир тараптан активдүү болбогон вакциналардын экинчи бөлүгү Түркияга келди. Кытайдан алынган 10 миллион дозалык Ковид  - 19  вакциналарынын экинчи партиясынын экинчи бөлүгүн алып келген учак Стамбул аэропортуна конду. Вакциналар болгон контейнерлер бажы иштеринен кийин учактан алынып кампаларга ташыла баштайт. 

 



Тектеш кабарлар