Түркия менен Грециянын иликтөөчү жолугушуусу болуп өттү

Греция менен Түркиянын ортосундагы иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнүн 61-айлампасы бүгүн Стамбулдагы Долмабахче иш кеңсесинде болуп өттү.

1570681
Түркия менен Грециянын иликтөөчү жолугушуусу болуп өттү

Греция менен Түркиянын ортосундагы иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнүн 61-айлампасы бүгүн Стамбулдагы Долмабахче иш кеңсесинде болуп өттү.

Тышкы иштер министринин орун басары элчи Седат Өнал жана Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнө катышкан түрк делегациясында болушту.

Грециянын делегациясын улук элчи Павлос Апостолидис жетектеди.

Эгей көйгөйлөрүнө эки тарап тең кабыл алган «акыйкат, туруктуу жана ар тараптуу» чечүүчү жол табуунун негизин түзүү үчүн өткөрүлгөн иликтөөчү сүйлөшүүлөрү 2002-жылы 12-мартта баш калаа Анкара шаарында башталган.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин кеңешчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн акыркысы болгон 60-тур 2016-жылы 1-мартта Грециянын борбору Афина шаарында өткөн.

Ошол мезгилдеги Греция өкмөтү тарабынан токтотулган сүйлөшүүлөр ушул күндөн кийин саясий консультация түрүндө улантылып, бирок иликтөөчү алкагына кайтып келген эмес.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, 11-январда Грецияны иликтөөчү сүйлөшүүлөрүнө чакырды жана Грециянын премьер-министри Мицотакис «оптимизм жана өзүнө ишеним» менен жолугушууга даяр экендиктерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар