Түркия Дендиастын сөздөрүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Дендиастын Түркиядагы рум азчылыгына карата айтылган билдирүүлөрүнө байланыштуу суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

1567308
Түркия Дендиастын сөздөрүнө каршылык көрсөттү

Түркия, Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын азчылыктарга байланыштуу Түркияны сындоосунун трагикомикалык болгонун билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Батыш Фракиядагы Түрк азчылыгына ишке ашырылган ассимиляция жана кысымга алуу саясатынын натыйжасында Европа Адам Укуктары Соту (ЕАУС) тарабынан 3 жолу келишимди бузгандыгы боюнча чечим чыккан Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын, азчылыктар темасында Түркияны сынга алуусунун  трагикомикалык экендигин билдирди.

Басма сөз катчысы Аксой, Дендиастын Түркиядагы рум азчылыгына карата айтылган билдирүүлөрүнө байланыштуу суроолорго жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой: «Батыш Фракиядагы түрк азчылыгына карата колдонулган ассимиляция жана кысым көрсөтүү саясатынын кесепетинен ЕАУС тарабынан үч жолу келишимди бузган өлкөнүн Тышкы иштер министринин азчылыктар жөнүндө биздин өлкөнү сындаганы трагикомикалык көрүнүш”,-деп сереп салды.

Түркияда акыркы жылдары рум православдык азчылыктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган көптөгөн конструктивдүү кадамдардын, рум православдык жарандар менен эквиваленттүү түрдө ишке ашырылгандыгын эске салган Хами Аксой, Батыш Фракиядагы Түрк азчылыгынын көйгөйлөрүнүн чечилиши жөнүндө болсо  Европа Биримдигинин (ЕБ) мүчөсү жана өзүн демократиянын бешиги катары эсептеген Грецияда прогресс эмес, тескерисинче артка кетүү болуп жатканын белгиледи.

Аксой, Батыш Фракия түрк азчылыгынын Лозанна келишиминен (1923) жана көп тараптуу келишимдерден келип чыккан укугун Грециянын атайылап тебелегенин баса белгилеп, азчылыктын Түрк кимлигин тануу боюнча ЕАУСнун бузуу чечимдерин дагы деле болсо аткарбай жатканына көңүл бурду.

Батыш Фракиядагы медреселерге байланыштуу акыркы тажрыйбалардын Грецияда бир гана «түрк» сөзүнө эмес, «азчылык» сөзүнө да жол берилбестигин көрсөткөнүн айткан Аксой: «Түркия православдык жарандардын талабына ылайык, Гөкчеадада төрт гана окуучуга арнап мектеп ачса дагы Греция Батыш Фракиядагы азчылыктардын мектептерин жабууну улантууда. Акыркы 25 жылдын ичинде Батыш Фракиядагы азчылыктын мектеп санынын Греция тарабынан 231ден  115ке түшүрүлүшү эки өлкөнүн азчылыктарга болгон көз карашынын эң так көрсөткүчү болуп саналат. Грециянын тышкы иштер министри (Дендиас) мындай оор билдирүүлөрдү жасоодон мурун, күзгүгө каранып, алгач өз үйүнүн алдын шыпырышы керек”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар