Министр Акар Ирактагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтты

Акар жетектеген, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер баш болгон делегация Эрбилде жолугушууларын улантты.

1567003
Министр Акар Ирактагы жолугушууларын аяктап өлкөгө кайтты

Иракка расмий иш сапары менен барган улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) башчысы Нечирван Барзани менен жолугушуп, Ирактын Түркмөн Фронтунун Эрбил кеңсесинде болду.

Акар жетектеген, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Яшар Гүлер баш болгон делегация Эрбилде жолугушууларын улантты.

Эрбилдеги Башчылыктын имаратына барган Акарды ИКАБдын башчысы Барзани эшиктен, «Урматтуу министр кош келиңиз»,-деп тосуп алды.

Министр Акар менен Барзани жекеме-жеке жолугушуп, делегациялар ортосундагы жолугушууга да төрагалык кылышты.

Жолугушуудан мурун Акар, сүйлөшүүлөрдүн Ирак жана Түркия үчүн жакшы натыйжаларды берүүсүн каалады.

Барзани ошондой эле министр Акарды кабыл алганына кубанычын билдирди.

Башчылыкка болгон сапардан кийин Акар, Ирактын Түркмөн Фронтунун Эрбилдеги кеңсесине барды.

ИКАБдын Аймактардагы түзүмдөр ​​боюнча жооптуу министри жана Ирактын Түркмөн Фронтунун Аткаруу комитетинин мүчөсү Айдын Маруф Селим жана аны коштогондор тарабынан тосулган Акар: «Баарыбыздын, (Түркиянын) 83 миллиондун жүрөгү сиздер менен»,-деп айтып, аны күтүп жатышкандарга салам берди.

Багдад жана Эрбилде маанилүү, жемиштүү жана конструктивдүү жолугушууларды өткөргөндөрүн белгилеген Акар, көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп: «Биздин үмүтүбүз жана тилегибиз терроризм баш болгон көйгөйлөрдүн  мүмкүн болушунча эртерээк чечилүүсү»,-деди.

Акар: «Бардык Ирактык боордошторубуздун бакубатчылыкта жана тынчтыкта ​​жашашын чын жүрөктөн каалайбыз»,- деди жана буга эң маанилүү тоскоолдуктун жикчил террордук уюм ПКК экендигин айтты.

ИКАБдын Аймактардагы түзүмдөр ​​боюнча жооптуу министри жана Ирактын Түркмөн Фронтунун Аткаруу комитетинин мүчөсү Айдын Маруф Селим дагы Акарды жана анын делегациясын Эрбил шаарында тосуп алгандыгы үчүн кубанычын билдирип, «Сиз биз үчүн маанилүүсиз. Биз сиздин ишиңизди акырына чейин колдойбуз»,-деп айтты.

Андан кийин Акар, Селим жана Ирак Түркмөн Фронтунун жооптуу кызматкерлери менен бир аз баарлашып сүйлөштү.

Министр Акар, Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Гүлер менен бирге ошондой эле Түркиянын Эрбилдеги Башкы консулдугуна учурагандан кийин өлкөгө кайтты.



Тектеш кабарлар