Түркия Малиде болгон кол салууну айыптады
Кол салууда 4 аскер каза болуп, 5 аскер жараланды.
1564224
Түркия Малидеги БУУнун Көп Өлчөмдүү Интеграцияланган Стабилизация Миссиясына MINUS Up жасалган террордук кол салууларды айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Малинин Тимбукту аймагында болгон террордук кол салууда Көп Өлчөмдүү Интеграцияланган Стабилизация Миссиясында кызмат кылган Кот-д'Ивуардын 4 аскеринин каза болгондугу жана 5 аскердин жаралангандыгы санааркоо жаратты»,- деп билдирилди.
Кот-д'Ивуар калкына жана өкмөтүнө көңүл айтылган маалыматта : «Бул террордук кол салууну айыптайбыз. Дос жана боордош Кот-д'Ивуар калкына, өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Каза болгондордун үй - бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин тилейбиз»,- деи билдирилди.