Чавушоглу Сомалиде кол салууга дуушар болгон фирманын ээси менен жолугушту

Министрликте өткөрүлгөн жолугушууда Зорлу, Чавушоглу менен тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыранга кол салуу боюнча маалымат берди.

1557871
Чавушоглу Сомалиде кол салууга дуушар болгон фирманын ээси менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сомалиде колууга дуушар болгон түркиялык Эн-Эз компаниясынын ээси Хидайет Зорлу менен жолугушту.

Министрликте өткөрүлгөн жолугушууда Зорлу, Чавушоглу менен тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыранга кол салуу боюнча маалымат берди.

Зорлу эки жылдан бери өлкөдөгү түрк фирмаларына жана кызматкерлерине каршы кол салуулар болуп келгенин айтты.

Чавушоглу Зорлуга каза болгон жана жаракат алган кызматкерлери үчүн көңүл айтып, сакайып кетүү тилектерин билдирди.

2-январда Сомалинин борбор шаары Могадишо жана Афгое аймактарынын ортосундагы жол куруу иштерин милдеттенген Эн-Эзге карай террордук кол салуу болуп экөө түрктөн турган 5 адам каза болду жана үчөө түрктөн турган 14 адам жаракат алды.

 



Тектеш кабарлар