Сириялык балдарга Мехметчиктин жардамы

Мехметчик Сирияда «Тынчтык булагы»  операциясы жүргүзүлгөн аймактагы жарандарга гуманитардык жардамдар менен колдоо көрсөтүүнү улантууда.

1553709
Сириялык балдарга Мехметчиктин жардамы

Мехметчик Сирияда «Тынчтык булагы»  операциясы жүргүзүлгөн аймактагы жарандарга гуманитардык жардамдар менен колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Десанттар «Тынчтык булагы» аймагындагы бир башталгыч мектептин ысынуу маселесин чечти.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берген маалыматында Түркиянын сириялыктарга карата гуманитардык жардамдардын улантылып жаткандыгы белгиленди.

Түрк аскерлеринин аймактагы бир мектептин ысынуу маселесин чечкендигине байланыштуу фотографиялар да орун алган маалыматта : «Мехметчигибизи күчтүү, ишенимдүү жана тынчтык ичиндеги Сириянын келечеги болгон балдар үчүн жардам иштерин үзгүлтүксүз улантууда. Десанттарыбыз «Тынчтык булагы» аймагындагы Кайсеррийе Сулук башталгыч мектебинин ысынуу маселесин чечип кичинекей окуучуларды кубантышты»,- деп билдирилди.

Түрк куралдуу күчтөрү 2019 -  жыл  октябрь  -  ноябрь айларында ишке ашырган «Тынчтык булагы»  операциясы менен Сириянын түндүгүн ПКК жана ДЕАШ террордук  уюмдан тазалаган.



Тектеш кабарлар