Ирактын Захо районунда Түркия визасына кайрылуу борбору ачылууда
Gateway Management логистикалык акционердик коомунун Заходогу кайрылуу борборунун эртең ишке кирери тууралуу маалымат берилди.
1544012
Ирактын Духок шаарындагы Захо районунда Түркия визасына кайрылуу борбору эртең ишке кирет.
Түркиянын Эрбил башкы консулдугунун твиттер эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Ирак жарандарынын Түркияга саякаттары үчүн виза кайрылууларын дагы ылдам жана оңой алуулары үчүн Түркия визасына кайрылуу борборлорун жайылтуу иштери улантылууда",- деп билдирилди. Маалыматта виза кызматын берген Gateway Management логистикалык акционердик коомунун Заходогу кайрылуу борборунун эртең ишке кирери тууралуу маалымат берилди.