Украина менен Түркия ракета учуруу аппаратын өндүрүү тууралуу сүйлөшүүдө

Украинанын вице  - премьери жана стратегиялык индустрияларынан жооптуу министр Олег Уруский Түркия менен ракета учуруу аппаратын өндүрүү тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтты.

1541079

Уруский Украина медиасына берген маегинде өткөн жумада премьер  - министр Денис Шмыгал менен бирдикте өткөргөн Түркия сапары тууралуу маалымат берди.

Ракета учуруу аппаратын өндүрүү тууралуу олуттуу өнөктөш издегендерин айткан Уруский бул тууралуу Түркия менен сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Уруский сапарда мурунтадан сүйлөшүлгөн долбоорлорду карап чыгышкандарын белгилеп, өзгөчө учкучсуз аба аппараты жана учак  мотору тууралуу маанилүү келишимдерге кол коюуга жакын экендигин билдирди.

Тектеш кабарлар