Түркия Грецияга чакыруу салды

Түркия эки тараптуу маселелердин бир гана столго отуруу жана диалог менен менен чечиле аларын белгиледи.

1540601
Түркия Грецияга чакыруу салды

Түркия эки тараптуу маселелердин бир гана столго отуруу жана диалог менен менен чечиле аларын белгиледи.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой грек басма сөзүндө Түркиянын Европа Биримдиги саммитинен мурда Эгей жана Жер Ортолук деңиздеги аскердик иштерин арттыргандыгына байланыштуу  чыккан кабарлар тууралуу суроолорго жооп берди.

Бул кабарлардын чындыкка жатпагандыгын белгилеген Аксой сөзүн төмөнкүчө улантты : «Тескерисинче, Греция 20 - октябрдан баштап Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизине 24 аскердик иштердин аткарыла тургандыгын жарыялап, аймактагы чагымчыл жана курч мүнөздөгү аскердик иштерин улантууда»,- деди.

9 -  октябрдан бери Грециянын НАТО аскердик мекемелери тарабынан өткөрүлүшү пландалган жыйындарга да катышпагандыгына көңүлдөрдү бурган Аксой : «Греция Түркия менен эки тараптуу маселелерин башкалардан жардам үмүт кылуу менен эмес, Түркия менен столго отуруп, кызматташуу жана диалог менен гана чече алат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар