Түркия Греция менен алдын ала шартсыз диалог жүргүзүүнү жактаганын билдирди

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой суроолорго жооп берди.

1537701
Түркия Греция менен алдын ала шартсыз диалог жүргүзүүнү жактаганын билдирди

Түркия буга чейин болгондой эле мындан ары да Греция менен алдын ала шартсыз диалогго ачык мамилесин улантаарын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, чалгындоо сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоо күнүн аныктоодо Грециянын «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин аянтка баргандыгы себенен артка кадам таштаганын эске салып, Түркиянын буга чейин болгондой эле мындан ары да Греция менен алдын ала шартсыз диалог жүргүзүүгө ачык мамилесин сактай тургандыгын маалымдады.

Хами Аксой Министрликке багытталган "Греция «Оруч Рейсти» шылтоо кылып диалогго макул болгон эмес. «Оруч Рейс» ишин бүтүрдү, мындай учурда Грециянын мамилесинин өзгөрөрүн болжолдойсузбу?" деген суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Түркиянын эң баштан бери Греция менен алдын ала шартсыз диалог жүргүзүүнү жактактагандыгын белгилеген Аксой: «Чындыгында, Греция менен чалгындоо сүйлөшүүлөрүн жандандыруу боюнча келишим түзүлгөн, бирок Греция «Оруч Рейсти» себеп көрсөтүп артка кадам таштагандыктан сүйлөшүүнүн датасы аныктала алган эмес»,-деди.

Энергетика жана табигый ресурстар министрлиги «Оруч Рейстин» Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги ишин бүтүрүп, 2020-жылдын 29-ноябрында Антальяга кайтып келгенин жарыяланын эске салган Аксой : «Түркия буга чейин болгондой эле мындан ары да Греция менен алдын ала шартсыз диалогго ачык мамилесин улантат»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар