Аксой Искеченин муфтийине багытталган расисттик коркутууну айыптады

Хами Аксой, муфтий Мете жашаган батирдин лифтине жазылган расисттик коркутуу билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады.

1536189
Аксой Искеченин муфтийине багытталган расисттик коркутууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой Грецияда Искеченин муфтийи Ахмет Метеге карата расисттик коркутуу билдирүүсүнүн жазылышын айыптады.

Хами Аксой, муфтий Мете жашаган батирдин лифтине жазылган расисттик коркутуу билдирүүсүнө байланыштуу билдирүү жасады.

Аксой:«Каралып жаткан окуя Грециядагы жикчилдик жана фанаттык топтордун Батыш Фракия түрк азчылыгынын болушуна жана өкүлдөрүнө болгон толерантсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү»,-деп айтты.

Басма сөз катчы Аксой: «Греция мамлекетинен жийиркеничтүү окуяны териштирүүнү керектүү олуттуулук жана сезимталдык менен жүргүзүп, окуяны ачыкка чыгарып, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын күтөбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар