Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулду.

1534368
Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук Коопсуздук Кеңеши (УКК) Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги «Ирини» операциясынын алкагында түрк кемесине карай бир тараптуу,  эл аралык укукка жана шериктештик мамилелерге дал келбеген кийлигишүүсүн айыптады.

Улуттук коопсуздук кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулду.

Жолугушуудан кийин жарыяланган билдирүүдө, «Ирини» операциясынын алкагында түрк кемесинин колдонулушуна каршы (уруксатсыз тинтүү) ар тараптан керектүү кадамдар таштала турганы белгиленди.

Билдирүүдө, «Аралда эки коомчулуктун жана эки мамлекеттин бар экендигин четке кагуу, Кипрде түрктөрдүн болушун эске албоону өжөрдөнүп улантышы жана тараптардын туңгуюкка негиз болгон таңуулоосу эч качан кабыл алынбайт»,делди.

УКК билдирүүсүндө өлкөнүн түштүк чек араларында террор коридоруна таптакыр жол берилбей тургандыгы дагы бир жолу тастыкталды.

Билдирүүдө Азербайжандын чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери оккупацияда турган мекенин кайтарып алгандыгына канааттануу баса белгиленди.



Тектеш кабарлар