Бүгүн Түркияда мугалимдер күнү

Билим берүү министри Зия Селчук 24 -  Ноябрь мугалимдер күнүнөн улам 81 облустан келген мугалимдер менен улуу жол башчы мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи Аныткабрга барды.

1533350
Бүгүн Түркияда мугалимдер күнү

Бүгүн 24 -  Ноябрь мугалимдер күнү.

Билим берүү министри Зия Селчук 24 -  Ноябрь мугалимдер күнүнөн улам 81 облустан келген мугалимдер менен улуу жол башчы мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейи Аныткабрга барды.

Министр Селчук жана коштоосундагы министрлик кызматкерлери мугалимдерден турган делегация менен Арстандуу жолдон өтүп Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине барды. Министр Селчук мавзолейге гүл чамбар койгондон кийин бир минуталык  эскерүүдө болду. Андан кийин министр Селчук мавзолейдин атайын дептерине буларды жазды : «Баш мугалимибиз Улуу Ататүрк улутубуздун акыл  - эсине жарык чачкан  мугалимдерибиздин 24 -  Ноябрь мугалимдер күнү себеби менен алдыңыздабыз. Мекен балдарынын келечеги үчүн билим берүүнүн ар бир баскычында  улутубуз менен бирге, эч бир кыйынчылыкка жеңилбестен, сабырдуулук менен  ыйык билим берүү жолубузду улантып жаткан бардык мугалимдерибиз чечкиндүү».

Селчук : «Жаңы муунду билим берүүнүн ар бир баскычында таасирдүү жана ийгиликтүү кылуу үчүн керектүү болгон маалымат жана тажрыйбалар менен камсыз кылууну, республикабыздын бизден акыл  - эстүү, абийрдүү, билимдүү инсандарды күтүп жаткандыгын билебиз. Күчүбүздү улуу улутубуздун жана сиздин тарыхка тамга баскан чечкиндүүлгүңүздөн алуудабыз. Жан дүйнөңүз тынч болсун»,- деди. Селчук андан кийин мавзолейдин тепкичтеринде мугалимдер менен сүрөткө түштү.

Мугалимдер күнү мугалимдик кесибин аткарган кишилерди сыйлоо үчүн түрдүү иш чаралар өткөрүлгөн күн. Көптөгөн өлкөдө 1994 -  жылдан бери 5 -  октябрь күнү БУУнун билим берүү жана маданият уюму ЮНЕСКОнун сунушу менен мугалимдер күнү катары белгилөөдө.



Тектеш кабарлар