Түркия Оруч Реис тууралуу Грецияга жооп кайтарды

Түркия, Оруч Рейс кемеси жүргүзгөн сейсмикалык изилдөөлөрүн өзүнүн континенттик шельфинде жүргүзгөндүгүн билдирди.

1515945
Түркия Оруч Реис тууралуу Грецияга жооп кайтарды

Түркия, Оруч Рейс кемеси жүргүзгөн сейсмикалык изилдөөлөрүн өзүнүн континенттик шельфинде жүргүзгөндүгүн билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын тышкы иштер министрлигинин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги Сейсмикалык  изилдөөлөр тууралуу берген маалыматына жазуу түрүндө жооп берди.

Грециянын тышкы иштер министрлигинин Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги континенттик шельфинде жүргүзгөн сейсмикалык изилдөө иштеринин грек континенттик шельфинде ишке ашырылгандыгын ортого салган жана бул иштерди «мыйзам тышы» деп мүнөздөгөн «негизсиз бир билдирүү» жарыялагандыгын белгилеген Аксой бул сөздөргө орун берди : «Оруч Реис кемебиз сейсмикалык изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан жер толугу менен өлкөбүздүн континенттик шельфине кирет, ал эл аралык укуктун негизинде аныкталган жана БУУда катталган. Бул кырдаал 2020 -  жылдын 23 -  октябрында Грециянын Анкарадагы элчисине дагы бир  жолу ачык билдирилди. Оруч Рейстин 25 - октябрдан 4  - ноябрга  чейин сейсмикалык изилдөө жүргүзө турган аянты Грециядан 440, өлкөбүзгө болсо  130 чакырым алыстыкта. "

Түркиянын ар дайым болгондой Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  өзүнүн жана Кипр түркүнүн мыйзамдуу укугун ишеним астына алынган, теңдиктин негизинде чечүүчү жол табуу үчүн диалог жана кызматташууга даяр экендигин белгилеген Аксой : «Грециянын да өлкөбүз менен диалогго кирүү үчүн жасалма себептерди жаратуудан жана алдыңкы шарттарды сунуш кылуудан баш тартуусун күтүп жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар