Кол салууга даяр турган 4 террорист кармалды

Террористтер Стамбул жана Диярбакырда бир убакта жүргүзүлгөн операцияда кармалды.

1512099
Кол салууга даяр турган 4 террорист кармалды

Жикчил террордук уюм ПККнын тоо штабынын мүчөсү болгон жана  метрополияларда кол салууга үйрөтүлгөн төрт террорист кармалды.

Диярбакыр облустук жандармерия командирлиги, хикчил террордук уюм ПККнын тоо штабына 2013-жылы кошулган 4 террористтин жардыргыч заттар менен метрополияларда теракттарды кылууга үйрөтүлгөнүн, уюмдун «жашыруун шаар» структурасында болгондорун жана «уктап жаткан уя» катары даяр турушкандыгын аныктады.

16-октябрда Стамбул жана Диярбакырда бир убакта жүргүзүлгөн операцияда кармалган төрт шектүү, жандармериядагы текшерүүлөрүнөн кийин жиберилген сот тарабынан «куралдуу террордук уюмдун мүчөсү» деп камакка алынган.

Бул аралыкта террористтердин бири И.Кнын Диярбакыр мамлекеттик ооруканасында наркоз боюнча техник экендиги аныкталды.



Тектеш кабарлар