Эрдоган:«Жаратылыш газына болгон көз карандылыкты бир кыйла төмөндөтөбүз»

Эрдоган өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда, «Туна-1 кудугунан чыгарыла турган 405 миллиард кубометр жаратылыш газынын жаңы көлөмү өлкөбүз жана улутубуз үчүн пайдалуу жана түшүмдүү болушун каалайм» деген сөздөрдү жазды.

1511101
Эрдоган:«Жаратылыш газына болгон көз карандылыкты бир кыйла төмөндөтөбүз»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Кара деңиздеги Сакария аянтындагы «Туна-1» кудугунан чыгарыла турган жаратылыш газынын пайдалуу болушун каалады.

Эрдоган өзүнүн Твиттердеги аккаунтунда, «Туна-1 кудугунан чыгарыла турган 405 миллиард кубометр жаратылыш газынын жаңы көлөмү өлкөбүз жана улутубуз үчүн пайдалуу жана түшүмдүү болушун каалайм» деген сөздөрдү жазды.

Бөлүшүүсүндө «Жаратылыш газына болгон көз карандылыкты бир кыйла төмөндөтөбүз» деп аталган диаграмма орун алып:

«Кара деңизде биз тапкан корук ушул кезге чейин биздин өлкөнүн эң ири көмүр суутек ресурсу болуп саналат. Бул ачылыштар менен биздин өлкөнүн жаратылыш газына болгон көз карандылыгы кыйла төмөндөйт деп ишенебиз.

Биздин өнүгүү жана өсүү аракеттерибиздин эң чоң бөлүгү болгон мунай зат жана жаратылыш газы үчүн чет өлкөгө төлөгөн суммабыз азайган сайын, биз бул кызматтарды элибизге арзаныраак сунуштай алабыз.

Ошентип, өлкөбүздөгү калган ресурстарды инвестициялоого, өндүрүшкө жана жумуш менен камсыз кылууга багыттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз»,делди.

Диаграмма изилдөөлөр жөнүндө төмөнкү маалыматтарды камтыган:

«Туна-1 кудугунун алгачкы эки катмарынан 320 миллиард кубометр жаратылыш газы табылды. Бургулоо иштерин улантып жаткан кемебиз 4 миң 445 метр тереңдикке жетти.

Биз тапкан корукка дагы 85 миллиард кубометр кошулду. Туна-1 кудугунда иш аяктады.

Сакария аянтындагы бургулоо иштери "Түркали-1" кудугунда улантылат.

Атамекендик жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен жасалып чыккан  «KAŞİF» (чалгынчы) роботунун жардамы менен деңиз түбүндө жумуштар жүргүзүлөт.

Биздин бургулоочу кемелерибиз дүйнөдөгү терең деңиз бургулоо флотунун болжол менен 20 пайызын түзөт».

Президент ошондой эле «Фатих» бургулоочу кемесинин Туна-1 кудугунда табигый газдын запасынын табылышы жөнүндө: «Бул кандайча башталды? / Кандай жүрүп жатат?» аталышы менен бөлүштү.

Эрдоган өзүнүн Твиттердеги жана Инстаграмдагы баракчаларында «Улуттук энергетикада жаңы жакшы жаңылыктар» деген жарлык менен бөлүшүп, анда 29-майда «Фатих» бургулоочу кемесин Кара деңизге жөнөткөн жана кечээ кемеге барганда тартылган эки сүрөткө орун берди.

Эрдоган, «Фатих» бургулоочу кемесин кечээ иликтеп чыгып, Туна-1 кудугунда 85 миллиард куб метр жаратылыш газынын запасы бар экендигин сүйүнчүлөдү жана ушул ачылыш менен Туна-1 кудугундагы жаратылыш газынын запасынын жалпы көлөмү 405 миллиард куб метрге жеткенин айтты.



Тектеш кабарлар