Түркия Түштүк Кипр Рум Башкармалыгы менен АКШнын ортосундагы меморандумга каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой,жазуу жүзүндө бул маселеге жооп берди.

1490065
Түркия Түштүк Кипр Рум Башкармалыгы менен АКШнын ортосундагы меморандумга каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түштүк Кипр Рум Башкармалыгы (ТКРБ) менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумунун Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтыкка жана ырааттуулукка кызмат кылбай тургандыгын билдирди.

Маалымат катчысы Аксой, жазуу жүзүндө берген жообунда, ТКРБ менен АКШнын ортосунда 12-сентябрда кол коюлган, Кипр Рум Башкармалыгында «Кургактык, Ачык Деңиздер жана Порттун Коопсуздук Борборун» курууну караган меморандумунун Кипр Түрк тарабын көз жаздымда калтыргандыгын белгиледи.

«Бул өз ара түшүнүшүү меморандуму Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тынчтыкка жана ырааттуулукка кызмат кылбайт жана Кипр маселесинин чечилишине зыянын тийгизет»,-деп жазган  Аксой, АКШнын акыркы убакта Түштүк Кипр Рум Башкармалыгына курал эмбаргосун алып салуу жана грек тарапты аскердик машыгуу программасына (IMET) кошуу менен таштаган кадамдары аралдагы эки элдин ортосундагы тең салмактуулукту бузуп, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну күчөткөнүн белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Аралга сапары учурунда каада-салтка (ишкердикке, жүрүм-турумга, салтка) карама-каршы келип, Кипрдин түрк тарабы менен жолугушпаганы таң калыштуу экендигин белгилеп: «Аралда кипрдик румдар менен бирдей укукка ээ болгон кипрдик түрктөрдү четке кагуу жолу менен жасалган бул кадамдардын бирден-бир натыйжасы гректердин келишпестигин күчөтүү болору шексиз жана бул ыкма грек тарапты кандайдыр бир көйгөйдү чечүүгө карай макулдашуучу мамилеге үндөбөйт. Биз АКШны, Кипр аралынын бейтарап саясатына кайтып келүүгө жана Кипр маселесин чечүү аракеттерине салым кошууга чакырабыз»,делди.



Тектеш кабарлар