Тышкы иштер министри Германиянын тышкы иштер министринин Твиттердеги жазуусуна жооп берди

Чавушоглу, 2000-жылы 9-сентябрда Нюрнбергде өлтүрүлгөн Энвер Шимшектин өлүм күнүндө кесиптеши Маастын Твиттердеги постуна жооп жазды.

1487982
Тышкы иштер министри Германиянын тышкы иштер министринин Твиттердеги жазуусуна жооп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маастын Твиттердеги билдирүүсүнө берген жообунда: «Биз жикчилдикти жана ксенофобияны бирдикте жана чечкиндүүлүк менен гана жеңе алабыз»,- деди.

Чавушоглу, 2000-жылы 9-сентябрда Нюрнбергде өлтүрүлгөн Энвер Шимшектин өлүм күнүндө кесиптеши Маастын Твиттердеги постуна, «Хейко, биз сиздин көңүл бурууңузду жогору баалайбыз, бирок бул оору менен күрөшүүдө 20 жылдын ичинде чоң ийгиликтерге жетише албагандыгыңыз чындык. Биз жикчилдик жана ксенофобияны биргелешип жана чечкиндүү түрдө гана жеңе алабыз. Энвер Шимшекти таазим кылып эскеребиз»,деген жоопту берди.

Маас Твиттерде Шимшек тууралуу бөлүшүүсүндө, «Энвер Шимшек 20 жыл мурун нео-нацисттер тарабынан атып өлтүрүлгөндөн эки күндөн кийин көз жумган.  Көпчүлүгү муну «Дөнерчи өлтүрүүлөрү» жана «Ал дагы түрк» дешкен. Акыры анын окуясын туура айтып берели: Энвер Шимшек үй-бүлө мүчөсү жана гүл сатуучу болгон, ал бизден бирөө болчу»,деген серебин салган.

Шимшек, ал 1980-жылдардын ортосунда Түркиядан Германияга барган, бир эмгекчил жана дымактуу бирөө болгонун белгилеген Маас мындай деди: «Анын кыялы, жумуш ордунда гүл сатуу эле. Ал жумуштан кийин өзү гүл жасоону үйрөнүп, дем алыш күндөрү жолдун жээгинде гүлдестелерди саткан. Энвер Шимшек ушунчалык чыгармачыл жана ийгиликтүү болгондуктан, заводдогу жумушун таштап, өз жумуш ордуна тез эле бир нече адамды жумушка орноштурган. Гессенде аялы жана Ал эки баласы менен жашап, бир нерселерди курган. Гллорист бир нече соода орундары менен дүң соода бизнесине айланган. Иштери ушунчалык жакшы болгондуктан, кудук казуу керек болгондо же мектепти оңдоп-түзөөдө айылын колдоп турган. Энвер Шимшек эми чоң ата болмок. Бул окуяны бүгүн биз айтып беришибиз керек. Энвердин окуясы – бизден бирөөнүн окуясы».

Германиядагы NSU террордук уюмунун биринчи курмандыгы Энвер Шимшек үй-бүлөсүн багуу үчүн гүл саткан Нюрнбергде 2000-жылы 9-сентябрда террористтердин 8 огу менен атып өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар