Түркия Сербиянын Кудс боюнча чечимине тынчсызданганын билдирди

Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Биз Сербиянын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимине терең тынчсызданып жатабыз", делди.

1485516
Түркия Сербиянын Кудс боюнча чечимине тынчсызданганын билдирди

Түркия, Сербиянын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимин «терең тынчсыздануу» менен кабыл алганын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Биз Сербиянын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүү чечимине терең тынчсызданып жатабыз", делди.

Израилдин Кудсту аннексиялоосун эл аралык коомчулук жана БУУ четке какты деп айтылган билдирүүдө, «Палестина маселеси БУУнун ар кандай чечимдери менен бир нече жолу баса белгиленди. Палестина маселеси 1967-жылдагы чек аралардын негизинде борбору Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, суверендүү жана географиялык жактан үзгүлтүксүз Палестина мамлекетинин инсандыгы аркылуу гана чечилет. Абал ушундай болуп турганда кайсы бир өлкөнүн Израилдеги элчилигин Куска көчүрүүсү эл аралык укуктун ачык бузулуусу болуп саналат»,деген сереп салынды.

Билдирүүдө,«Биз бардык өлкөлөрдү БУУнун бул маселе боюнча кабыл алган токтомдорун сактоого, Кудстун тарыхый жана укуктук статусун урматтоого жана Израиль-Палестина жаңжалын жөнгө салууну ого бетер татаалдаштыра турган кадамдардан алыс болууга чакырабыз», деген чакырык салынды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, мурунку күнү Косово Израиль менен мамилесин жөнгө салат, ал эми Сербия өз элчилигин Кудска көчүрөт деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар