Түркия : "Греция менен алдыңкы шартсыз сүйлөшүүгө даярбыз"

Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиз чыңалуусу тууралуу Греция менен алдыңкы шартсыз диалогго даяр экендигин билдирди.

1484434
Түркия : "Греция менен алдыңкы шартсыз сүйлөшүүгө даярбыз"

 Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиз чыңалуусу тууралуу Греция менен алдыңкы шартсыз диалогго даяр экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта НАТОнун башкы катчысынын Чыгыш Жер Ортолук деңизде түрк жана грек тараптарынын арасында чыңалуунун азайтылышы, деңиз  жана кургактык элементтеринин арасында кааланбаган кырсыктардын болушун алдына алуу үчүн бир демилге баштаткандыгы баса белгиленди. Маалыматта : «Өлкөбүз тарабынан да колдоого алынган бул демилге  башкы катчы билдиргендей эки өлкөнүн ортосунда НАТОнун негизиндеги аскердик  - техникалык мүнөздөгү сүйлөшүүлөрдүн башталышына байланыштуу. Бөлүп  - жарууга карата бул сүйлөшүүлөр  Түркия менен Грециянын ортосундагы эки тараптуу маселелердин чечилишине эмес, негизинен эки өлкөнүн аскердик мекемелеринин ортосунда оболу эки тараптуу деңгээлде талкууланган түзөтүүлөр менен байланыштуу»,- деп билдирилди.

Түркиянын Греция менен бардык маселелерге эл аралык мыйзамдын чегинде, адилеттүүлүккө ылайык, туруктуу чечүүчү жолдорду табуусу үчүн алдыңкы шартсыз диалогго даяр экендиги белгиленген маалыматта грек тарабы да бул инциативге колдоо берүүгө чакырылды.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Түркия жана Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде  кагылышууларды алдына алуу механизминдерин куруу үчүн техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келишкендерин билдирген.



Тектеш кабарлар