Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын Мейс аралына аскер жибергенине байланыштуу массалык маалымат каражаттарына чагылган кабарлар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1481748
Түркия Грецияга каршылык көрсөттү

Түркия Мейс аралына аскер жибергени айтылган Грецияга каршылык көрсөтү.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Грециянын Мейс аралына аскер жибергенине байланыштуу массалык маалымат каражаттарына чагылган кабарлар тууралуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Аксой Мейс аралынын 1947 -  жылдагы Париж келишими менен куралсыздандырылган статуста экендигин эске салды. Аксой : «Массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарлар туура болсо бул Грециянын мыйзам билбестигинин жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыныгы ниетинин жаңы бир көрсөткүчү»,- экендигин баса белгиледи.

Аралдын статусуна киргизилүүгө аракет кылынган мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү четке кагышкандарын баса белгилеген Аксой буларды айтты : «Жээктерибиздин маңдайында мындай провакациянын максатына жетишине уруксат бербей тургандыгыбызды баса белгилейбиз. Мындай провакациялык кыймылдардын Грецияга эч бир пайдасы болбойт. Греция аймакта чыңалууну арттыруучу кадамдарды уланта бере турган болсо жоготкон өзү болот. Түркия эл аралык мыйзамдан келип чыккан укук жана кызыкчылыктарын акырына чейин коргоодо чечкиндүү».



Тектеш кабарлар