Германиянын тышкы иштер министри Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча диалогго чакырды

Хейко Маас, бүгүн Афина жана Анкара сапарынын алдында берген билдирүүсүндө, Түркия жана Грециянын Германиянын НАТО шериктеши экендигин эске салды.

1478908
Германиянын тышкы иштер министри Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча диалогго чакырды

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, Чыгыш Жер Ортолук деңизи темасында Түркия жана Грециянын түз диалогго баруусун сунуш кылды.

Хейко Маас, бүгүн Афина жана Анкара сапарынын алдында берген билдирүүсүндө, Түркия жана Грециянын Германиянын НАТО шериктеши экендигин эске салды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаратылыш газы боюнча талаш-тартыштарды эл аралык укуктун негизинде жана бири-бири менен чынчыл сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болоорун белгилеген Маас: «Чыңалуунун мындан ары күчөшү бардык тараптарга зыян келтириши мүмкүн»,-деп айтты.

Маас, Түркия менен Грециянын ортосундагы диалогдун жабылышы эмес, дагы чоң ачылышы керек экендигин баса белгиледи.

«Бул үчүн азыр жаңы провокациялардын ордуна, чыңалууну басаңдата турган жана түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү башташ керек. Биз мүмкүн болушунча колдоп бергибиз келет»,- деди.

Маас, бүгүн Афинага жасай турган сапарынын артынан Анкарага келип, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушат.



Тектеш кабарлар