Чавушоглунун дипломатиядагы чын жүрөктөн берилген салам бөлүшүүсү...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, акыркы мезгилдеги дипломатиялык алакаларды түшүндүргөн видеону «Биз бүт дүйнө менен чын дилден саламдаштык» деген жазуу менен Твиттерден бөлүштү.

1477710
Чавушоглунун дипломатиядагы чын жүрөктөн берилген салам бөлүшүүсү...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын социалдык медиа тобу тарабынан даярдалган, акыркы мезгилдеги дипломатиялык алакаларды түшүндүргөн видеону «Биз бүт дүйнө менен чын дилден саламдаштык» деген жазуу менен Твиттерден бөлүштү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында 9-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде жолугушууларды өткөргөн болчу.

Эрдогандын НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуусунда ал кол алышуунун ордуна "Корона" деп колун көкүрөгүнө алып салам бергенде Столтенберг да колун көкүрөгүнө алып келип жооп берген.

Министр Чавушоглу бөлүшкөн видеодо президент Эрдогандын учурашуу ыкмасы Брюсселде көрүнгөндөн кийин дүйнө жүзүндө колдонула баштагандыгы баса белгиленди.

Эрдогандын 18-марттагы билдирүүсү: "Эпидемиянын коркунучу толугу менен жоюлмайынча, жүрөгүбүз менен сүйүү көрсөтүп, тилибиз менен айтып ыраазы болобуз. Ал ошон үчүн «чын жүрөктөн салам»  сөздөрүн камтыган видеодо акыркы мезгилде дипломатиялык жолугушууларда жүрөгүн кармап учурашкан мамлекет башчыларынын, премьер-министрлеринин жана тышкы иштер министрлеринин видеолору жана сүрөттөрү камтылган.



Тектеш кабарлар