Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1474310
Эрдоган менен Путин сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Эрдоган менен Путин сүйлөшүүдө туризм, транспорт, энергетика жана экономика менен бирге эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди бекемдей турган кадамдарга баа берип, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы биргелешип күрөшүү темасын талкуулашты.

Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги жана Ливиядагы абалдар да каралган сүйлөшүүдө, эки лидер жакын кызматташтыкты жана диалогду улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки лидер Сириядагы кырдаал боюнча да Түркия менен Россиянын ортосундагы байланыштарды аскердик жана дипломатиялык каналдар аркылуу улантууга макулдашты.



Тектеш кабарлар