Түркия Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен Франциянын коргонуу келишимине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой,бул тууралуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

1473688
Түркия Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен Франциянын коргонуу келишимине каршылык көрсөттү

Түркия, Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен Франциянын ортосунда 2017-жылдын 4-апрелинде кол коюлган "Коргонуу чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө келишим" 1-августта күчүнө кирет деп жарыяланышына каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Кипр Рум Башкаруучулугу менен Франциянын ортосунда 2017-жылдын 4-апрелинде кол коюлган «Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим» 1-августта күчүнө киргенинин жарыяланганы боюнча, «Франциянын учурдагы мезгилде чыңалууну андан ары күчөтүү үчүн чараларды көрүшү, ушул өңүттө Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу (GASC) менен биргелешкен машыгууларды уюштурушу жана 1960-жылдагы келишимдерге карабастан, аскердик учактарды убактылуу жайгаштырышы кабыл алынгыс»,-деп айтты.

Суроого жазуу жүзүндө берген жообунда Аксой, бүгүн Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугу менен Франциянын ортосунда 2017-жылдын 4-апрелинде кол коюлган «Коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө келишим», 1-августта күчүнө киргени жарыяланганын жана «Аралды толугу менен жана Кипр түрктөрүн өкүлдүк кыла албаган Кипрдин рум башкаруучулугу  ушундай келишим түзүүгө компетенттүү эмес» экендигин баса белгиледи.

Басма сөз катчысы Аксой, каралып жаткан келишим 1960-жылдагы келишимдерге жана ушул келишимдер менен түзүлгөн тең салмактуулукка каршы келээрин жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экендигин белгиледи.

Өткөндө түрк тарабы региондун гүлдөп-өнүгүү жана туруктуулук аянтына айлануусу үчүн конструктивдүү жана позитивдүү сунуштарды бергенин, бирок бул сунуштар рум-грек экилиги тарабынан четке кагылган айткан Аксой:

«Франциянын бүгүнкү мезгилдеги чыңалууну андан ары күчөтө турган кадамарды таштоосу,  Түштүк Кипр Рум башкаруучулугу менен биргелешкен машыгууларды өткөрүп убактылуу болсо дагы,  1960-жылкы Келишимдерге каршы  аскердик учактарын жайгаштыруусу кабыл алынгыс. Биз Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) бийликтеринин бул маселе боюнча жасаган реакциясын жана билдирүүлөрүн колдойбуз. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү Францияны, БУУнун күн тартибинде турган Кипрге байланыштуу маселелерде жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырабыз».



Тектеш кабарлар