Байдендин Түркия тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрүнө катуу жооп кайтарылды

Президенттиктин коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Байдендин чуулгандуу билдирүүлөрүнө катуу каршылык көрсөттү.

1473596
Байдендин Түркия тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрүнө катуу жооп кайтарылды

АКШнын мурдагы вице-президенти жана жаңы мезгил үчүн президенттикке талапкери  Жо Байдендин Түркия тууралуу чуулгандуу билдирүүлөрүнө катуу каршылык көрсөтүлүп, «Буга батына алгандар сөзүнүн жообун алат»,делди.

Президенттиктин коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Байдендин билдирүүлөрү тууралуу, «Түркия,демократиялык саясий атмосферанын ушундай жоопкерчиликсиз айтымдар менен бузулуусуна уруксат берилбейт, Президентибиз (Режеп таййип) Эрдогандын лидерлигинде, күрөшүүсүн улантат»,-деди.

Фахреттин Алтун, социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө, Байдендин декабрь айында колдонгон, бирок бүгүнкү күндө медиага чагылышкан айтымдардын Түркиянын үстүндө ойнолуп жаткан оюндардын жана кийлигишүүчү мамилелердин чагылышуусу болгонун белгиледи.

Бул айтымдардын демократия менен жана Түркия менен АКШнын эки тараптуу карым-катнаштарынын табиятына шайкеш келбегенин баса белгилеген Алтун: «НАТО шериктешибиз болгон АКШнын президенттикке талапкеринин дипломатияда дагы оруну жок бул жарашыксыз айтымдарынын учурдагы бийлиги тарабынан дагы кабыл алынгыс экенине ишенебиз. Түркия саясий оюндарга материал боло турган өлкө эмес»,-деп баасын берди.

АКШнын саясий мекмелери менен коомдук пикиринин, күнүмдүк саясий утуштар үчүн жасалганы аттын кашкасындай ачык болгон бул жоопкерчиликсиз айтымдарга жол бербей турган керектүү каршы чыгууну жасашы демократиянын талабы болгонуна көңүл бурган Алтун,буларга токтолду: «Түркия, демократиялык саясий атмосферанын ушундай түрдөгү жоопкерчиликсиз айтымдар менен бузулуусуна уруксат бербей, президентибиз урматтуу Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде күрөшүүсүн улантат. Эч ким улуттук эркибизге жана демократиябызга кол сала албайт, элдин добушу менен шайланган Президентибиздин мыйзамдуулугуна сөз айта албайт. Буга батынгандар эң акыркы жолу 2016-жылдын 15-июлунда (Фетхуллахчы террордук уюм ФЕТӨнүн төңкөрүш аракети) болгон түндө айткан сөздөрүнө жооп беришкен. Бизден достчо эскертүү болсун».  

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да, «Айткан сөздөрүнүн «төңкөрүшчүлүк» экенин абдан жакшы билет. Мунун аныктамасы төңкөрүшчүлүк. Венесуэладагы күн тартибин Түркияга көчүрүүгө аракет кылыптыр. /.../.Өткөндө өздөрүнө караштуу колониялык мамлекеттерге кылгандарын эми демократиялык өлкөлөрдө жасаганга аракет кылып жатышат. Мунун болсо НАТО шериктештиги менен дагы демократиялык аң-сезим менен дагы эч тиешеси жок. Түркиянын президенти улуттун эрки менен шайланган жана милдетин аткарууда. Президентибизге каршы саясий мамиле кылуу, Түркияга каршы саясий мамиле кылуу болуп саналат».

Байдендин декабрь айында, оппозициячылдарга колдоо көрсөтүп, Түркиядагы бийликти өзгөртө ала тургандары жөнүндө чуулгандуу сөздөрдү айтканы ачыкка чыккын болчу.



Тектеш кабарлар