Улуттук коргоо министри Акар Ирак чек арасына барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, командирлер менен бирге Ирактын чек ара тилкесиндеги аскерлерди көзөмөлдөп, текшерүүдө.

1469754
Улуттук коргоо министри Акар Ирак чек арасына барды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Башкы штабдын башчысы, армия генералы Яшар Гүлер жана кургактык күчтөрдүн командири, армия генералы Үмит Дүндар менен бирге Ирактын чек ара тилкесиндеги аскерлерди көзөмөлдөп, текшерүүдө.

Акар жана аны коштогон командирлерди 2-армиянын командири генерал-лейтенант Синан Яйла жана башка расмий адамдар Шырнактагы «Шерафеттин Элчи» аэропортунда тосуп алышты.

Министр Акар жана Башкы штабдын башчысы Гүлер жана Кургактык күчтөрдүн командири Дүндар бул жерден тик учактарга отуруп, Ирактын чек ара тилкесинде аскерлерди текшерип жана иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Министр Акар жана иликтөө иш-аракеттеринин алкагында чек арадагы базалык аймакка келген командирлер иш-аракеттер жөнүндө маалымат алышты жана көрсөтмөлөр беришти.

Министр Акар түрк желегин белек катары берген бөлүктүн командири, Акардын ага тапшырган желекти өбүү менен кабыл алды.

Министр Акардын жана аймактагы командирлердин ишин текшерүү жана иликтөө уланууда.



Тектеш кабарлар