Фуат Октай менен Мевлүт Чавушоглу Ливанга барды

Вице  - президент Фаут Октай расмий жолугушуулардан кийин жарылуу болгон портко да барып АФАД жана Түрк Кызылайынын топтору тарабынан жардам берүү иштери жүргүзүлгөн аймакта иликтөө жүргүзөт.

1469289
Фуат Октай менен Мевлүт Чавушоглу Ливанга барды

 

Октайды Рефик Харири аэропортунда Ливандын тышкы иштер министри Чарбел Вехбе, Түркиянын Бейруттагы элчиси Хакан Чакыл менен Түркия апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гүллүоглу жана элчиликтин кызматкерлери тосуп алды.

Октай Ливандын президенти Мишель Авн менен жолуушкандан кийин берген маалыматында : "Ливандын президенти Авнга эң көп тамак  - аш,  медициналык жардам берүүгө даяр экенибизди, бул жардамды берүүнү улантарыбызды билдирдик",- деди. 

"Түркиянын бардык ооруканалары менен бардык аба тез жардам унаалары Ливандын кызматында",- деген Октай : "Бейрут порту кайрадан ишке киргенге чейин Мерсин портубуздун Ливандын кызматында болорун айттык",- деди. 

Октай : "Олуттуу түрдө зыян тарткан Бейрут порту жана айланасындагы имараттардын курулушу тууралуу Түркия акырына чейин жардам берүүгө даяр",- деди. 

Вице  - прездент менен Фуат Октай менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу андан кийин Бейрутта жарылуу болгон портто иликтөө жүргүздү. Октай иликтөөдөн кийин берген маалыматта : "Портто Түркиянын, түрк калкынын өзүнчө бир орду бар экенин, көңүлдөн көңүлгө бир достугубуздун бар экенин көрдүк.Ливандык боордошторубузга Түркия катары бардык нерсебиз менен бул жерде экендигибизди билдирдик",- деди. 

"Ливанга мындан кийин тамак  - аш, медициналык каражат, дары  - дармек, буудай, ун жардамдарыбыз улантылат",- деген Октай : "Олуттуу түрдө айнек жана курулуш каражаттарына муктаждыктын бар экендиги билдирилди. Муктаждыктардын негизинде керек болгон жардамды берерибизди билдирдик",- деди. Октай : "Бул аянт урандыдан чыгарылып калыбына келтирилгенге чейин Түркия катары биз бул жерде болобуз",- деди. 

Бейрут портунда 4 -  августта жарылуучу зат болгон 12  номердүү кампада алгач өрт чыккан андан кийин Бейрутту термелткен абдан күчтүү жарылуу болгон.

Жарылууда 154 киши каза болуп, 5 000ге жакын киши жараланган.

 

 

 



Тектеш кабарлар