Президент Эрдоган Нух пайгамбар база аймагындагы аскерлерди Курман айт менен куттуктады

Министр Сойлунун телефонунан аскерлерге кайрылган Эрдоган : "Алла сиздердин жардамчыңыздар болсун»,- деди.

1465027
Президент Эрдоган Нух пайгамбар база аймагындагы аскерлерди Курман айт менен куттуктады

 Президент Р. Т. Эрдоган Шырнакта Жуди тоосунун чокусундагы Нух пайгамбар база аймагында кызмат кылган аскерлерди Курман айт майрамы менен куттуктады.

Кечээ Гүнейчам жандармерия пунктунун командирлигинде болгон ички иштер министри  Сүлейман Сойлу эрте менен аскерлер менен майрамдашты. Сойлу рация аркылуу аймакта кызмат кылган аскерлерди майрам менен куттуктады. Сойлу андан кийин Президент Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү жана майрамы менен куттуктады.

Министр Сойлунун телефонунан аскерлерге кайрылган Эрдоган, Мехметчикти Курман айт майрамы менен куттуктап : «Алла тынчтык ичинде жолугушууну бизге насип кылсын. Сиздер менен бирге болгон бардык командирлерди, бардык коопсуздук күчтөрүбүзгө кайрадан ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алла сиздердин жардамчыңыздар болсун»,- деди.



Тектеш кабарлар