Президент Эрдоган : "Түркиянын мүдүрүлүшүн, тизе бүгүп калышын каалагандардын оюу ишке ашкан жок"

Президент Эрдоган Стамбулда Вахдеттин сарайынан Амасия жолунун ачылуу аземине түз эфир аркылуу катышты.

1461751
Президент Эрдоган : "Түркиянын мүдүрүлүшүн, тизе бүгүп калышын каалагандардын оюу ишке ашкан жок"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын мүдүрүлүшүн, тизе бүгүп калышын каалагандардын оюу дагы бир жолу ишке ашпай калганын белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда Вахдеттин сарайынан Амасия жолунун ачылуу аземине түз эфир аркылуу катышты.

Эрдоган сөзүндө узундугу 11,3 километр болгон Амасия жолунун   шаарлар аралык жолду 2 километрге кыскартканын айтты.

«Кургактыкта, деңизде, абада, бардык жерде улутубуздун жана өлкөбүздүн, досторубуздун укугун, кызыкчылыктарын жактадык»,- деген Эрдоган : «Учураган ар бир кол салуунун артынан Түркиянын мүдүрүлүшүн, тизе бүгүп калышын каалагандардын оюу дагы бир жолу ишке ашкан жок»,- деди.

Президент Эрдоган : «Күчтүү жана чоң Түркия көз карашыбыз акырындык менен ишке аша баштады»,- деди.

Түркиянын таштаган кадамдарына каршы катуу үн менен нааразычылык билдиргендердин эч бир жерде жок болушу өлкөбүздүн бардык тармакта ээ болгон күчүн көрүүсү экенин айткан Эрдоган : «Биз эч кимдин жерине, табигый булуактарына көз тикпейбиз. Бирок өз пайдабызга да эч кимдин кол салышына уруксат бербейбиз. Ылайык болгон бардык сунуштарды карап чыгууга, сүйлөшүүгө даярбыз.

Эзүүчүлөргө карата жоопту кайтарабыз. Керек болсо андан да ашыкчасын аткаруудан тартынбайбыз»,- деди.

Акыркы күндөрдө тополоң чыгарган өлкөлөрдүн максаттарынын Аясофия же Чыгыш Жер Ортолук деңиз эмес түрк улутун жана мусулмандардын бул аймакта экенин ансызда билишкендерин баса белгилеген Эрдоган бул чындыкты акырындап баарынын көрө баштаганын айтты.



Тектеш кабарлар