Түркиянын автомобили The Telegraph гезитине чыкты
Англис The Telegraph гезити Түркиянын автомобиль өндүрүүчү комплексине таандык фотографияга «Күндүн фотографияларынын» арасында орун берди.
Англис The Telegraph гезити Түркиянын автомобиль өндүрүүчү комплексине таандык фотографияга «Күндүн фотографияларынын» арасында орун берди.
Түркиянын автомобили дүйнө басма сөзүнүн кызыгуусун тартууну улантууда.
Акыркы жолу англис The Telegraph Бурсанын Гемлик районундагы Түркиянын автомобиль демилгечи группасы ТОГГ инженердик, дизайн жана өндүрүш комплекстеринин курулушун баштоо аземинен бир фотографияны бөлүштү.
Анадолу агенттиги тарабынан жарыяланган фотография The Telegraphтын «Күндүн фотографиялары» категориясында орун алды.
ТОГГдун жогорку мартабалуу башкаруучусу Гүржан Каракаш 1, 2 миллион метр квадраттык жабык аянтта курула турган заводдун жылда 175 000 даана унаа өндүрүү көлөмүнө ээ болорун жана бул жерде 4 300 кишинин жумуш менен камсыз кылынарын билдирген.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.