"Фатих" бургулоо кемеси Кара деңизде биринчи бургулоосун баштады
Фатих Дөнмез «Фатих» бургулоо кемесинин Кара деңиздеги биринчи бургулоосунун Туна - 1 багытында башталганын билдирди.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез «Фатих» бургулоо кемесинин Кара деңиздеги биринчи бургулоосунун Туна - 1 багытында башталганын билдирди. Дөнмез твиттерден берген маалыматында Кара деңизде жүргүзүлгөн нефть жана жаратылыш газ изилдөөлөрүнө байланыштуу : «Бар болсо сөзсүз табабыз»,- деди.
Түркиянын энергетика көз карандысыздыгы үчүн деңиздердин ар бир метр квадратынын изилденерин айткан Дөнмез : « «Фатих» улутубуздун дуасы жана колдоосу менен Кара деңиздеги биринчи бургулоосун Туна - 1 багытында баштады»,- деп билдирди.
«Фатих» бургулоо кемеси 29 - майда Стамбудан Трабзон портуна узатылган.
Кеменин 103 метрдик мунаралары көпүрөлөрдөн өтүшү үчүн Хайдарпаша портуна түшүрүлүп жана мунаралары Трабзон портунда тургузулган.