Чавушоглу: «Германия Түркияга карай саякат эскертүүсүн кайра карап чыгышы керек»

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен  маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери да кошулган делегация менен Германияга иш сапары менен барышты.

1447703
Чавушоглу: «Германия Түркияга карай саякат эскертүүсүн кайра карап чыгышы керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Германиянын Түркияга карай саякат эскертүүсүн кайра карап чыгышы керектигин айтты.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен  маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери да кошулган делегация менен Германияга иш сапары менен барышты.

Чавушоглу, борбор шаар Берлинде немис кесиптеши Хейко Маас менен жолугушуусунан кийин биргелеше өткөргөн маалымат жыйынында, жолугушууларында туризм темасынын да каралганын, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы процесси тууралуу көрсөткүчтөрдү кесиптештери менен бөлүшкөндөрүн баса белгиледи.

Чавушоглу, Түркиянын коопсуз жана ден-соолукка пайдалуу чөйрөдө Германиядан жана берки өлкөлөрдөн келе турган коноктоду тосууга даяр экендигин жана бардык чараларды көргөнүнө басым жасап, бардык комплекстердин, аэропорттордун жана трансферлер менен кошо бардык процесстин немис фирмалар тарабынан текшерилип сертификаттары берилгенин жана текшерүүсүнүн дагы алар тарабынан жүргүзүлө турганын белгиледи.

Чавушоглу: «Эң маанилүүсү Германиянын бул саякат эскертүүсүн кайра карап чыгуусу болот. Обьективдүү көрсөткүчтөрдүн алкагында каралып чыгышы керек. Бул саякат эскертүүлөрүнө карабастан Анталияга немистер келип жатабы? Келип жатат. Мунун себеби эмне десеңер, Түркияны коопсуз өлкө катары көрүүдө»,-деп айтты.

Европа Биримдигинин саякат чектөөсүн жойгонун,бирок арасында Түркия орун албаган өлкөлөр тизмесине да токтолгон Чавушоглу, саясий себептер менен даярдалган тизменин чындыгында обьективдүү критерийлер менен белгилениши керектигин айтты.

Түркиянын ачык жана жаңыланган көрсөткүчтөрдү ар ким менен бөлүшкөнүн баса белгилеген Чавушоглу: «Бардыгыбыз үчүн эң маанилүү нерсе, адамдарыбыздын ден-соолугу болуп саналат. Биз жактан алып караганда Түркиянын атуулу менен Германиянын атуулун же башка бир өлкөнүн атуулун айырмалап кароо болбойт»,-деди.



Тектеш кабарлар