Министр Селчук Түркиянын Ковид-19 тажрыйбаларын G20 өлкөлөрүнө түшүндүрдү

G20 өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) темалуу видео конференция өткөрдү.

1444676
Министр Селчук Түркиянын Ковид-19 тажрыйбаларын G20 өлкөлөрүнө түшүндүрдү

Улуттук билим берүү министри Зия Селчук, Түркиянын пандемия процессинде билим берүү тармагында таштаган кадамдарын Чоң жыйырмалык (G20) өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери менен бөлүштү.

G20 өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) темалуу видео конференция өткөрдү.

Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык уюму(OECD), ЮНЕСКО жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да катышкан жыйналышта сөз сүйлөгөн улуттук билим берүү министри Зия Селчук, эпидемияга бөгөт болуш үчүн Түркияда бардык мектептерде жана университеттерде бетме-бет сабак берүүлөргө март айында тыныгуу берилгенин жана окуучуларга карай онлайн билим берүү мезгилине өткөндөрүн айтты.

Улуттук билим берүү министри Селчук, пандемия процессинде секторлордун ортосундагы кызматташтыктын абдан маанилүү болгонун да эске салып, «Мисал үчүн Түркияда билим берүү сектору жүз бет кабы, жүз калканы, медициналык комбинезон жана дезинфекция каражаттарын өндүрүп пандемия процессинде саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөттү. Ушул убакка дейре 30 миллиондой бет кап кесиптик жана техникалык лицейлерибиз тарабынан өндүрүлдү»,-деди.

Буга окшогон кризистерге дагы даярдыктуу болууга мүмкүнчүлүк түзө турган өнүккөн онлайн билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен билим берүү системаларынын Ковид-19 пандемиясы соңуна чыкканда дагы «туруктуу» жана дагы «мазмундуу» боло турганын белгилеген Селчук, ушул себептен онлайн билим берүү системаларына дагы көп инвестиция салынышы керектигин кошумчалады.



Тектеш кабарлар