Эрдоган түрк аскеринин майрамын куттуктады

Эрдоган түрк аскерлерин телефон аркылуу байланышып куттуктады.

1422920
Эрдоган түрк аскеринин майрамын куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Хатайдагы бөлүктөрдө иликтөөлөрдү жүргүзгөн Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшүп Мехметчиктин (Түрк аскери) майрамын куттуктады.

Эрдоган, Акар жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлик баскычынын сапары убагында Деңиз күчтөрүнүн Жер Ортолук деңиз, Эгей жана Кара деңизде милдетин аткарган согуштук бөлүктөр менен Сириянын Идлиб жана Африн аймактарында кызмат өтөгөн Мехметчикке телефон аркылуу бир бирден кайрылды.

Ийгиликтүү кызмат өтөп жаткандыктары үчүн Мехметчикти куттуктаган жана Орозо айт майрамы менен куттуктаган президент Эрдоган: «Керек болсо террор менен күрөшүүдө, керек болсо «Тынчтык булагы» операциясында, керек болсо Афринде, Идлибде ишке ашырган баатырларча күрөшүүңүздү улутубуз эч качан унутпайт. Мен, сиздерди көздөрүңүздөрдөн өбөмүн. Майрамыңызды куттуктаймын. Мындан кийинки майрамдарды коронавирус балээсинен кутулган түрдө белгилөөнү Жаратканым бизге насип кылсын, сиздерге өзгөчө салам берүү менен Аллахым күч кубат беришин тилеймин»,-деп айтты.

Эрдоган, министр Акар жана командирлердин «Барбарос» фрегатындагы видео конференция форматындагы сүйлөшүүсүндө да Жер Ортолук деңиз,Эгей  жана Кара деңизде кызмат өтөгөн согуштук бөлүк командирлигине кайрылып, «Өлкөбүздүн бардык деңиздеринде,Жер Отолук деңизде жүргүзгөн бул күрөштү өзүм, улутумтун атынан чын жүрөктөн куттуктаймын. Майрамды буюрса майрам сыяктуу белгилей турган күндөрдө жолугушууну Аллах бизге насип кылсын. Бул коронавирус балээсинен буюрса кутулгандан кийин абдан башкача күндөрдү чогуу жашайбыз. Сиздерди куттуктаймын, майрамыңызды куттуктаймын, үй-бүлөңөргө да пайдалуу майрамдарды тилеймин»,-деди.



Тектеш кабарлар