Дүйнөнүн 2 - парустуу машыктыруучу кемеси Чанаккалеге келди

Өткөн күндөрдө кээ бир кинолорго да тартылган "Kruzenshtern" кемеси 1965 - жылы Советтик Илимдер Академиясына өткөрүлгөн

1409299
Дүйнөнүн 2 -  парустуу машыктыруучу кемеси Чанаккалеге келди

 Дүйнөнүн экинчи чоң парустуу машыктыруучу кемеси катары билинген "Kruzenshtern" атту кеме Чанаккале кысыгынан өттү.

Кеме эрте менен Мрамор деңизи жактан кысыкка кирди. 1926 -  жылы Геманияда жасалган 114 метрдик, Россия желеги илинген кеме бир канча убакыттан кийин Чанаккалеге келди.

Россиялык морияктар Беллинсгаузен менен  Лазардын Антакртиданы ачышынын 200 жылдыгынан улам дүйнө туруна чыккан кеме Эгей деңизине карай жолго чыкты.

Өткөн күндөрдө кээ бир кинолорго да тартылган "Kruzenshtern" кемеси 1965 -  жылы Советтик Илимдер Академиясына өткөрүлгөн. Кеме машыктыруу кемеси катары колдонулууда.



Тектеш кабарлар