Түркия Сovid-19 пандемиясы менен глобалдык түрдө күрөшүүдө чечүүчү актер болот
Борбору АКШда орун алган Трансатлантикалык лидерлик желесинин төрага орун басары Сахса Топерич, The Hill кабар барагында макала жарыялады.
Борбору АКШда орун алган Трансатлантикалык лидерлик желесинин төрага орун басары Сахса Топерич,Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен глобалдык түрдө күрөшүүдө чечүүчү актер болгонун жазды.
The Hill кабар барагында жарыяланган «Түркия Ковид-19 менен глобалдык түрдө күрөшүүдө чечүүчү актер катары алдыңкы планга чыгууда» аттуу макаласында Сахса Топерич, Түркиянын өткөн айда алгачкы жуктуруп алган учур аныкталышынан бир күн кийин эле мектептерди таратканын эске салып, Анкаранын пандемияга каршы көпчүлүк Европа өлкөсүнөн дагы ылдам чара көргөнүн айтты.
Түркиянын андан соң коргоочу каражат өндүрүүсүн ылдамдатканын жана бет каптарды элге бекер таркатуу чечимин чыгарганын жазган Топерич: «Өлкөнүн миллиондогон качкын жана баш калкалоочуну багып жатышы, кыйратуучу жер титирөөлөр сыяктуу бир топ чоң өлчөмдөгү апааттар менен бетме-бет келгени эске алынганда, Түркиянын бул сыяктуу пандемияларды жеңип чыгуу темасында кыйла даярдыктуу болушу күтүлбөгөн нерсе эмес»,деген серебин салды.
Түркиянын Италия, Испания жана Англия менен катар бир топ Балкан өлкөсүнө да медициналык жардам жөнөткөнүн эске салган Сахса Топерич, 88 өлкөнүн Түркиядан жардам сураганына жана Анкаранын ушул убакка дейре 33 өлкөгө жардам жеткиргенине көңүл бурду.
Израилдин Түркиядан медициналык каражат алууну каалаганын жазган Сахса Топерич: «Түркия, Триполиде Ковид-19 бейтаптары жаткан Хадра ооруканасына бир канча жолу кол салган Халифе Хафтер согушкерлеринин бейбаштыгы менен хаоско түртүлгөн Ливияга да жардам берүүдө»,деген сөздөргө орун берди.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.