Президент Эрдоган коронавирус тууралуу министрлер менен телеконференция өткөрдү

Эрдоган билим берүү министри Зия Селчукту билим берүүдө көргөн чараларынан улам куттуктады.

1384161
Президент Эрдоган коронавирус тууралуу министрлер менен телеконференция өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган коронавируска карата көрүлгөн чаралар тууралуу : «Эл үчүн иштөөнү улантуудабыз. Бардык мекемелерибиздин аткарган иштерин жакындан иликтеп, кадамдарыбызды координация ичинде таштоону улантуудабыз»,- деди.

Президент Эрдоган соцтармактан берген маалыматында министрлер менен болгон телеконференция сүйлөшүүлөрүнөн көрүнүштөрдү бөлүштү.

Р. Т. Эрдоган Түркиянын коронавирус менен күрөшүнүн артуу менен улантылып жаткандыгын айтты.

Вице  - президент Фуат Октай менен өткөргөн сүйлөшүүдө энергия төлөмдөрүндө  кечеңдетүүнүн болушу мүмкүн экендигин белгилеген Эрдоган, ички иштер министри Сүлейман Сойлу менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө болсо коомдук транспортту колдонууда төмөндөө болгону тууралуу маалымат алды.

Эрдоган билим берүү министри Зия Селчукту билим берүүдө көргөн чараларынан улам куттуктады. Мектептердин эс алууга чыгышы тууралуу Билим Кеңешинин сунуштарына көңүл бурушарын айтты.

Президент Эрдоган саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө  да Кытайдан алып келинген 50 миң аныктоо техникалары тууралуу маалымат алды.

 

 



Тектеш кабарлар