Сирияда Асад күчтөрү Түркияга жалаа жабууга даярданганы белгилүү болду
Идлибдеги ийкемдүү оппозициячылдар Асад режиминин согушкерлеринин рация байланышын тыңшай алды.
Сирияда Башар Асад режиминин согушкерлеринин Халеб шаарынын борборундагы айрым отурукташкан жерлерге кол салып Түркияга «жарандарды бутага алды» деген жалаа жааап күнөөлөөгөнгө даярданып жатканы белгилүү болду.
Идлибдеги ийкемдүү оппозициячылдар Асад режиминин согушкерлеринин рация байланышын тыңшай алды.
Оппозициячылдардын берген маалыматына караганда режим күчтөрү Халебдин Хамданийе мааласына кол салгандан кийин Түркияга бул жердеги "жарандарды набыт кылды" деген жалаа жаап үгүттөө баштоого даярданууда.
Асад режиминин күчтөрү 2016-жылдын декабрынан бери Халебдин шаар борборун толугу менен көзөмөлгө алган.
Ийкемдүү оппозициячыл топтор Идлибдин түштүгүндө режим күчтөрү каратып алган отурукташкан жерлерди кайтарып алыш үчүн кечээ операция баштаган.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө маалымат берилди.