Түркияга инвестиция салгандар эч качан өкүнбөйт

Президент Эрдоган Пакистанда бизнес форумга катышты.

1359687
Түркияга инвестиция салгандар эч качан өкүнбөйт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияга инвестиция салган эч кимдин өкүнбөгөндүгүн айтты.

Расмий сапар менен Пакистанга барган президент Эрдоган, Түркия-Пакистан ишкердик форумуна катышты.

Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, Пакистан менен соода көлөмүн алгач 1 миллиард доллардан ашыруу андан соң 5 миллиард долларга жеткирүүнү каалагандарын белгиледи.

Түркиянын Пакистандагы түздөн-түз инвестицияларынын учурда 500 миллион долларга жеткендигин билдирген Эрдоган: «Ушул учурга чейин өлкөбүзгө ишенген, Түркияга инвестиция салган эч ким өкүнгөн эмес»,-деди.

Президент Эрдоган Пакистан элинин дарылануу үчүн батыштык өлкөлөрдү тандагандарын белгилеп: «Түркия медициналык жактан абдан өнүктү. Кызмат көрсөтүүсү жана бааларындагы ыңгайлуулук боюнча Түркия Батыштагы өлкөлөрдөн абдан алдыда. Пакистандык туугандарыбыздын дарылануусу үчүн жаңы багыт, бирдей эле дарылоо кызматтарын дагы арзан баада камсыздаган Түркия болушу керек»,-деп айтты.

Президент Эрдоган бизнес форумдан кийин Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолукту.

Премьер-министрликтеги бетме-бет жолугушуу жабык эшик артында өттү.

Президент Эрдоган жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында: «Түркия, Кашмир маселесинин диалог жолу менен, БУУнун токтомдорунун негизинде, Кашмирлик туугандарыбыздын күтүүлөрү эске алынып чечилүүсүн жактайт»,-деди.



Тектеш кабарлар