«Капкан-6 Зори» операциясы башталды
Капкан операциялары уланып жатат.
1357072
Ички иштер министрлиги тарабынан жикчил террордук уюм ПККга каршы жаңы операция башталды.
Министрликтин билдирүүсүндө, Диярбакыр менен Батмандын облустук жандармерия командирлиги тарабынан «Капкан-6 Зори» операциясынын башталгандыгы маалымдалды.
Зори тоосундагы үңкүрлөргө жашырынган террористтерди жок кылуу максатында башталган операцияда, десанттар, спецназдар жана коопсуздук коргоочу десанттарынан турган 1440 кызматкер, 95 операциялык десанттын кызмат өтөп жаткандыгы белгиленди.
Билдирүүдө өлкөнүн ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата «Капкан операцияларынын» жарандардын колдоосу менен чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улантылып жаткандыгы баса белгиленди.