Соода министри Рухсар Пекжан бүгүн Хорватияга барат

Соода министри Рухсар Пекжан жолугушууларды өткөрүү үчүн бүгүн Хорватиянын борбор шаары Загребге барат.

1356420
Соода министри Рухсар Пекжан бүгүн Хорватияга барат

 Соода министри Рухсар Пекжан жолугушууларды өткөрүү үчүн бүгүн Хорватиянын борбор шаары Загребге барат.

Министрликтен берилген маалыматка караганда Пекжан Хорватиянын экономика, демилгечилик жана кол өнөрлөрү министри Дарко Хорват, Хорватия тышкы иштер жана Европа Биримдиги иштери боюнча министр Гордан Грлик Радман менен жолугушат.

Пекжан соода министрлигинин координациясы, Тышкы Экономикалык Байланыштар ДЕИК менен Хорватиянын экономика кабинетинин уюштуруусунда эки өлкөнүн фирмаларынын катышуусу менен өткөрүлө турган Түркия  - Хорватия тегерек стол жыйынына да катышат.

Сапарда эки тараптуу соода жана экономикалык карым  - катнаштарды карап чыгуу менен бирге Хорватиянын бул жылдын башында өткөрүп алган жана июнь айынын акырына чейин жүргүзө турган Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулугунан улам Бажы Биримдиги Келишиминин актуалдашрылышы жана Европа Биримдиги тарабынан Түркиядан экспорттолгон темир – болот продукцияларына карата чаралардын каралышы күтүлүүдө.

Түркиянын Хорватияга карата экспорту өткөн жылы андан мурунку бир жылга караганда 6,3 пайызга өсүп, 440, 5 миллион долларга, бул өлкөдөн импорттоо  5,3 пайыздык өсүү менен 224 миллион долларга жогорулады. Ушундайча эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода көлөмү 664, 5 миллион доллар болуп ишке ашты.

Бир тараптан түрк курулуш фирмаларынын Хорватияда жалпы 668 миллион долларлык 7 долбоору бар.



Тектеш кабарлар