Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Улуттук коопсуздук кеңешинин (УКК) жыйыны кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Бештепеде өттү.

1350714
Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсү жарыяланды

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы Улуттук коопсуздук кеңешинин (УКК) жыйыны кечээ президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Бештепеде өттү.

Жыйналыштан кийин жарыяланган билдирүүдө Идлибден баштап Сириянын ар кайсы аймактарында террорго каршы кошумча чаралардын көрүлүшү боюнча чечкиндүүлүгү баса белгиленди.

Билдирүүдө улуттук коопсуздук жагынан өзгөчө мааниси болгон ички жана тышкы маселелердин ар тараптуу каралып чыккандыгы, 2019-жылдын коопсуздугуна баа берилгендиги жана 2020-жылы болушу ыктымалдуу абалдар жана бул алкакта көрүлө турган чаралар сүйлөшүлгөнү маалымдалды.

Түркиянын улуттук биримдик жана ынтымагы менен коопсуздугун коркунучка салган ПКК/КЖК-ПЙД/ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ баш болгон бардык террордук уюмдарга каршы өлкө ичинде жана тышында ийгиликтүү жүргүзүлгөн операциялар туурасында Кеңешке маалымдоочу баяндама жасалганы белгилеген билдирүүдө, Түркиянын түштүк чек араларын коргоо, чек аранын ары жагындагы дос жана тууган коомчулуктардын коопсуздугун камсыздоо, аймакта туруктуу ырааттуулуктун камсыздалуусуна салым кошуу темаларындагы сезимталдыкка токтолгондору  баса белгиленгенди.

Ливиянын саясий биримдиги жана жеринин бүтүндүгү корголуп өлкөнүн чек араларында тынчтык жана ынтымактын түзүлүүсү багытында, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган Улуттук ынтымак өкмөтүнүн колдоого алынышы улантыла турганы баса белгилеген билдирүүдө, «Бардык өлкөлөрдү туруктуу ок атпоонун камсыздалышы боюнча иш-аракеттерди колдоого чакырык салуу улантылды. Түркиянын Жер Ортолук деңиздеги укук жана кызыкчылыктары менен катар Ливия калкы менен болгон 500 жылдык достугунун талабы катары бул өлкөдө коопсуздук жана ырааттуулуктун акыйкаттыкка таянган түрдө кайрадан камсыздалышы жагдайында бардык тармакта милдеттерин орундата турганы белгиленди»,делди.

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууга санааркоолору кеп кылынганы белгиленген билдирүүдө, тынчтык жана ырааттуулуктун корголушу үчүн тараптарга акыл эстүүлүк жана тынчтыкка чакырууларынын кайталангандыгы, башка өлкөлөрдүн эки актердун арасында кагылышуу аянты абалына айландырылышынан алыс туруу керектиги маалымдалды.

Сомалидеги арасында Түрк атуулдары да болгон көп сандаган кишинин өмүрү кыйылышына себеп болгон террордук кол салууларга наалат айтылган билдирүүдө, «Дос жана тууган Сомали калкынын жанында болгонубуз дагы бир жолу тастыкталып, тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү чөйрөсүнүн камсыздашылышы багытындагы колдообуздун улана турганы айтылды»,деген сөздөр орун алды.

Билдирүүдө, «АКШ бийлигинин Израиль-Палестина араздашууларына байланыштуу жарыялаган планынын Палестина жана Кудска карай басып алуу, кыйратуу жана кысым көрсөтүүчү саясаттарын мыйзамдаштырууну максаттаган «аннекция планы» болгону баса белгиленип, чечүүчү жол табуунун бир гана 1967-жылдагы чек аралар негиз кылынып борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемендүү жана бириккен Палестина мамлекетинин түзүлүүсү менен мүмкүн болоору сөз кылынды»,деген баа берилди.

Элазыг жана Малатьяда 2020-жылдын 24-январында болгон жер титирөөдөн кийин көрүлгөн чаралар жана издөө-куткаруу иш-аракеттери туурасында Кеңешке маалымдоо баяндамасы жасалганы белгиленген билдирүүдө, ушул жагдайда Түркиянын апааттка даярдык иштерине кайрадан баа берилгендиги да баса белгиленди.



Тектеш кабарлар