Мевлүт Чавушоглу : "Бельгия сотунун ПКК тууралуу чечиминин мыйзам менен байланышы жок"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу «Ариадна доосу» деп да билинген ПКК террордук уюмдун териштирүүсү тууралуу Бельгия Жогорку Соту чыгарган чечимге каршылык көрсөттү.

1349554
Мевлүт Чавушоглу : "Бельгия сотунун ПКК тууралуу чечиминин мыйзам менен байланышы жок"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бельгияда жүрүп жаткан жана Түркиянын да тиешеси болгон «Ариадна доосу» деп да билинген ПКК террордук уюмдун териштирүүсү тууралуу Бельгия Жогорку Соту чыгарган чечимге каршылык көрсөттү. Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Бельгия сотунун ПКК террордук уюм менен байланыштуу чечиминин мыйзам менен байланышы жок. Бул чечим идеологиялык жана саясий. Бизге мыйзамды үйрөтүүгө аракет кылгандар коркуу менен чыгарган эки жүздүү чечим. Бул сыяктуу идеологиялык чечимдер бизди террордук уюм менен күрөшүүбүздөн баш тарттыра албайт»,- деди.

Бельгия жогорку соту ПКК террордук уюмуна караштуу 36 атайын жана юридикалык жактарга каршы федералдык прокуратуранын 2010 -  жылы баштаган териштирүүнүн сотко алып барылышына тоскоол болгон Бельгиянын айыптоочу палатасынын чечимин бекиткендигин билдирген.  



Тектеш кабарлар