Чавушоглу «Bild» гезитине маек куруп берди

Министр Чавушоглу суроолорго жооп берди.

1345919
Чавушоглу «Bild» гезитине маек куруп берди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу немис «Bild» гезитине маек куруп берди.

Министр Чавушоглу, Ливия конференциясынын жыйынтыгы менен бирге өзүнө узатылган суроолорго жооп берди.

Министр Чавушоглу Германиянын борбор шаары Берлиндеги Ливия конференциясынын жыйынтык декларациясына баардык катышуучулар тарабынан колдоо көрсөтүлүшүнүн жакшы башталгыч болгонун айтты.

Чавушоглу Европа Биримдигинин Түркияга качкындар темасы боюнча берген убадаларын орундатпаганын айтты.

Сириянын Идлиб аймагындагы карапайым элдин жабыркашына жана качкындар маселесине тынчсызданып жаткандарын баса белгилеген Чавушоглу, 400 миң кишинин өз жеринен ажыраганын айтты.

Президент Эрдогандын коопсуз аймак чакырыгына да көңүл бурган Чавушоглу: «Бул үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде чечим чыгаралышы керек»,-деди.

Орусия менен болгон алакаларга да токтолгон министр Чавушоглу, Орусия менен карым-катнаштардын Батышга альтернатива же коркунуч эмес экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар